Пенсиялык реформа жаш куракка таасир этпеши керек – Масалиев
Азыркы пенсиялык системага сунушталып жаткан жаңылык туура эмес чечим. Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев «Парламент» радиосуна курган мегинде билдирди.
Депутаттын пикиринде, пенсиялык системаны реформалоодогу кадамдарга карата айтылып жаткан жаңылыктар жүзөгө шыр ашып кетеринде күмөн бар.
«Себеби, коомчулуктун пикири ар кыл. Мен мындай жаңылыкты колдобос элем. Азыркы пенсиялык системага сунушталып жаткан жаңылык туура эмес чечим», – деди Масалиев.
Ошондой эле ал Министрлер кабинети бул жагынан тынымсыз иштеп, элдин жашоо шартын жакшыртууга көңүл бурушу керектигин, аз айлык менен иштеп жаткан мугалимдер ардактуу эс алууга чыкканда кадр жетишсиздигинен айрымдары иштеп жүргөнүн айтты.
«Алар канча тажрыйбасын жумшап, мээнет менен жеткен пенсиясын жокко чыгарып салуу сабатсыз иштин жыйынтыгы болуп калмак. Врачтар арасында деле ушундай көрүнүш. Жалпысынан, союздун тушундагы мисалга келсек, анда аялдар 55 жаштан пенсияга чыкса, азыркы жаштын узартылышы ансыз да түйшүкчүл жан аялзатына кош көңүлдүк кылганга барабар болуп калат», – деп түшүндүрдү депутат.