Президенттик мөөнөтүм бүткүчө чек ара маселесин чечип кетем – Садыр Жапаров
Президент Садыр Жапаров өзүнүн кайрылуусунда президенттик мөөнөтү бүткүчө чек ара маселесин чечип кетем деген ниети бар экенин өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Жапаров өзүнүн кайрылуусунда өлкө демократиялык жолдон тайбай тургандыгын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталаарын бирок кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатакта маалыматты бурмалабай берүүнү суранды.
«Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар.
Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар», – деди ал.