Тоо-кен компаниясына мыйзамсыз документтер берилген – 2.3 млн сом зыян келген

Тоо-кен компаниясына мыйзамсыз документтер берилген – 2.3 млн сом зыян келген

Талас областтык прокуратурасы тарабынан токой-чарба өндүрүшүнүн жоготуулары үчүн төлөм албастан, укук күбөлөндүрүүчү документтерди тоо-кен компаниясына мыйзамсыз берүү фактысы аныкталган. Бул тууралуу КРнын Башкы прокуратурасынын маалымат кызматы билдирди.

«Тергөөдө, Бакай-Ата райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын мурдагы бөлүм башчысы Т.С.Т. өз жумушуна шалаакы мамиле жасап, жер аянтын жеринде изилдөөдөн өткөрбөй туруп, «Г.Ш.М.» ЖЧКсына укук күбөлөндүрүүчү документтерди берип жибергендиктен, мамлекетке 2 млн 353 миң 824 сом зыян келтирилгендиги такталган», – деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн зыян «Г.Ш.М.» ЖЧКсы тарабынан толугу менен орду толтурулуп, аталган мамлекеттик мекеменин мурдагы бөлүм башчысы  Т.С.Т. кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы