Январь-февраль айларында республикага импорттук товарлардын келүүсү 1.9 эсе өстү
КРнын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-февраль айларында 1.3 млрд долларды түздү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.6%га көбөйдү. Бул тууралуу Улутстаткомдун маалымат кызматы билдирди.
Улутстатком мында экспорттук жөнөтүүлөр 3.8%га көбөйгөнүн ал эми импорттук келип түшүүлөр 1.9 эсе жогорулаганын айтты.
КРнын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-февралында 563 млн долларды түзгөн жана өткөн жылдын ушул убагына салыштырганда 38.5%га өскөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 41.1%га, импорттук келип түшүүлөр 37.7%га жогоруланган.
Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-февраль айларында Россия (71.5%) жана Казакстанга (26.7%) туура келди.