Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга чейин көтөрүү пландалууда

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун капиталын 200 млн долларга чейин көтөрүү пландалууда

Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун уставдык капиталы 50 млн долларды түзөт. Келечекте анын капиталы 200 млн долларга чейин жогорулатылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров өткөн жылы августта «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.

Ал эми Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун расмий ачуу салтанаты бүгүн, 14-апрелде болду. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков катышты.

Жапаров белгилегендей, Өзбекстан КРнын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшүнүн бири болуп саналат. 

«КР товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүгө даяр. Бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймакта логистикалык борборлорду куруу боюнча долбоорлор активдүү фазада ишке ашырылууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы Фергана жана Баткен облустарын байланыштырган соода-логистикалык борборду курууга жана ишке киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Аталган соода-логистикалык борборду ишке киргизүү өлкөлөр ортосундагы экспорттук-импорттук операцияларды өнүктүрүүгө чоң түрткү берет деп ишенем», – деди ал.  

Белгилей кетсек, мурдагы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы болуп, 3 жылдык мөөнөткө дайындалган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы