18 өлкөнүн жарандары КРнын визасын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат – ТИМ
Жайкы туристтик сезондун алдында Тышкы иштер министрлиги 18 өлкөнүн жарандары Кыргызстанга туристтик визаларды алуу үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо иштелип чыкканын эскертти.
Ведомстводон билдиришкендей, визаларды алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби чет элдик туристтерди тартууга жагымдуу шарттарды түзүү жана КРда туризмди өнүктүрүү максатында ишке ашырылган.
Бул тизмеге төмөндөгү мамлекеттер кирет:
- Индия
- Бангладеш
- Пакистан
- Шри-Ланка
- Алжир
- Египет
- Иордания
- Ливан
- Марокко
- Непал
- Тунис
Ошондой эле төмөндөгү мамлекеттердин жарандары КРнын туристтик категориядагы визасын КРнын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине жеке арызынын негизинде, ошондой эле түздөн-түз Кыргызстанга келгенден кийин жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат. КРнын Тышкы иштер министрлигинин «Манас» эл аралык аэропортундагы визалык кеңсесинен төмөндөгү өлкөлөрдүн жарандары келгенден кийин түз кайрылса болот:
- Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ)
- Сауд Аравиясы
- Бруней
- Кувейт
- Катар
- Оман
- Бахрейн