Акылбек Жапаров ЕРӨБ БА башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен «жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен жолугушканын кабинеттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.
Жапаров Министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, республика үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылык катары «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, ресурстук жана энергетикалык үнөмдөө, энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактарын пайдалануу, өлкөнүн глобалдык жылуулуктун кесепеттерин алдын алуу боюнча эл аралык аракеттерге кошкон салымы эсептелерин кошумчалады.
ЕРӨБдүн Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай жакында борбордо энергетика тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунушталган, өлкөнүн энергетикалык тармагын трансформациялоо боюнча форумдун ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.
Жолугушууда тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда ирригация, айыл чарба жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.
Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдирди. Финансы институтунун өкүлү республикага агробизнести өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.