«Халык Банктын» төрагасынын орун басары Валентина Коваленко «Бакай Банктын» төрагасынын орун басары болуп дайындалды
«Бакай Банк» ААКда башкармалыктын төрагасынын жаңы орун басары дайындалды. Директорлор кеңешинин чечими менен Коваленко Валентина Айдаралиевна бул кызматка бекитилгенин Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Коваленкону бул кызматка 18-апрелден тартып дайындоо чечими банктын директорлор кеңешинин 14-апрелдеги жыйынында кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Коваленко 2018-жылдан 2021-жылга чейин «Халык Банк Кыргызстандын» төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.