Кыргызстандыктардын реалдуу айлык акысы бир жылда 1.8%га өстү
2022-жылдын январь-февраль айларында кыргызстандыктардын орточо эмгек акысы 20 163 сомду түздү (чакан ишканаларды эсепке албаганда). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо айлык номиналдык эмгек акы 13%га өстү – 2021-жылдын январь-февраль айларында расмий түрдө иштеген кыргызстандыктар орточо эсеп менен 17 844 сом алышкан.
Реалдуу айлык акы (инфляцияны эске алганда) январь-февраль айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 1.8%га гана өскөн.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, орточо чегерилген айлык акынын өсүш темпи экономикалык иштин бардык түрлөрүндөгү ишканаларда жана уюмдарда байкалган, бирок эң олуттуусу саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө (+35 %) жана тоо-кен (+34%) тармагында байкалган.