ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы керек – республикалык штаб Кыргызстанга кирүү эрежелерин эскертет

ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы керек – республикалык штаб Кыргызстанга кирүү эрежелерин эскертет

Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Кыргызстанга кирүү жана чыгуу эрежелерин бекитти. Бул тууралуу  «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирди.

КРнын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар эл аралык каттамдар жана автотранспорт каражаттары менен мамлекеттик чек арадан өтүүдө ПЧР-тестинин терс жыйынтыгын (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк көрсөтүшү зарыл.

  • ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары документтердин санариптик түрү катары «Мен COVID-19суз саякаттайм» мобилдик тиркемесин колдоно алышат.
  • Учактын бортунда беткап кийүү жана антисептик каражаттарын колдонуу милдеттүү болуп саналат жана учакка COVID-19 клиникалык көрүнүштөрү жок жүргүнчүлөр гана киргизилет.
  • Жүйөлүү себептер менен ПЧР-тесттин мөөнөтү аяктап калса (72 саат ), жүргүнчүлөр экспресс-тестирлөөдөн өтүүгө милдеттүү.

12 жашка чейинки балдарга ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы же толук эмдөө алгандыгы тууралуу маалымкат талап кылынбайт.

Өлкөдөн чыгуу үчүн ПЧР-тестинин терс жыйынтыгы (72 саат мурун чыгарылган) же эмдөөнүн толук курсунан өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүк талап кылынат.

Ошондой эле  «Манас» эл аралык аэропорту башка өлкөгө учуу алдында, чет мамлекеттеги учурдагы эрежелерин билип алуу зарыл экендигин белгилейт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы