Сак болуңуз. Жасалма долларлар көбөйдү

Сак болуңуз. Жасалма долларлар көбөйдү

Кыргызстандын валюта рыногунда АКШ долларынын жасалма банкнотторун табуу фактылары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу, Улуттук банк калкты валюта алмаштыруу операцияларын жүргүзүүдө этият болууга чакырат. 

Нак чет өлкө валютасынын аныктыгын тастыктоо үчүн коммерциялык банктардын жана алмашуу бюролорунун кызматкерлеринен аны валюталык детектордон текшерүүнү талап кылуу зарыл.

«Валюта алмаштыруу жайларына барганда, Улуттук банктын лицензиясынын бар экендигине көңүл буруу керек. Лицензия жана алмашуу бюросунун каттоодон өткөндүгү тууралуу катынын түп нускасы көрүнөө жерге илинүүгө тийиш», – деп айталт билдирүүдө. 

Чет өлкө валютасынын шектүү банкнотторуна экспертиза КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы тарабынан жүргүзүлөт. 

Ошондой эле чет элкө валютасынын шектүү банкнотторун сатууга да жол берилбей тургандыгын эскерте кетмекчибиз, анткени жасалма банкнотторду даярдоо гана эмес, жайылтуу да КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесине ылайык, кылмыш жоопкерчилигине алып келет. 

«Сак болуңуздар, чет элкө валютасынын банкнотторунун жасалма экендиги аныкталган учурда КРнын Ички иштер министрлигинин (РОВД) жакынкы райондук бөлүмүнө кайрылыңыз», – дейт Улуттук банк.  

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы