«TS Group» компаниясына берилген 16 га жер баалана элек – президенттин администрациясы
Президент Садыр Жапаровдун администрациясы Бишкектеги 16 га жерди КР президентинин Аппаратынын жаңы имаратын куруу үчүн «ТС ГРУПП» (TS-Group) курулуш компаниясына бергени боюнча комментарий берди.
Алардын берген маалыматына ылайык, президенттин Администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт.
«Азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.
Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт», – дейт президенттин администрациясы.
Ошондой эле 16 га жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулаарын кошумчалашты.
Эскерте кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров мурдагы «Ысык-Көл» мейманканасынын ордуна КР Президентинин Аппаратынын жаңы имаратын курууга бир тыйын да сарпталбай турганын билдирген. «Президенттик аппараттын балансында турган 16 гектар жерди гана алмаштырып жатабыз. Биз жер бөлүп бердик, бизге имарат салып беришет», – деген эле мамлекет башчы.