«Кыргыз почтасы» МИ ААК болуп өзгөрдү – максаты инвесторлорду тартуу

«Кыргыз почтасы» МИ  ААК болуп өзгөрдү – максаты инвесторлорду тартуу

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100% акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен «Кыргыз почтасы» ААК болуп кайра уюштурулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү үчүн кол коюлган.

Ошондой эле бул чечим потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.

«Кыргыз почтасы» ААК «Кыргыз почтасы» МИнин укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленген. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылган.

Өзгөртүп түзүлгөн «Кыргыз почтасы» ААКтын акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленди. Кабыл алынган чечим Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген 2020-2022-жылдарга КРда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына шайкеш келгендиги маанилүү, деп билдиришти минкабдан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы