КР Дүйнөлүк банк менен 150 млн долларлык эки келишимге кол койду

КР Дүйнөлүк банк менен 150 млн долларлык эки  келишимге кол койду

КР менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгынын 30 жылдыгынын алкагында Дүйнөлүк банктын жетекчилиги Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган республиканын делегациясы менен жолугушуу өткөрүп, анда эки келишимге кол коюлду. Бул тууралуу банктын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда эки долбоор боюнча жаңы каржылоо келишимдерине кол коюлду: Баткен облусун өнүктүрүү долбооруна 50 млн доллар жана климаттын өзгөрүшүнө карата туруктуу суу чарба кызматын жакшыртуу долбооруна 100 млн доллар.

Economist.kg буга чейин маалымдагандай, каражаттын жарымы грант түрүндө болсо, калган жарымы 0.75% менен 38 жылдык мөөнөткө, 6 жылдык жеңилдетилген насыя түрүндө берилет.

Ошондой эле Дүйнөлүк банктын маалымат кызматы билдиргенине караганда, жолугушууда өнүгүү приоритеттери жана Дүйнөлүк банктын адамдык капиталга колдоосу, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформалар, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү сыяктуу маселелердин кеңири чөйрөсү талкууланды. Ошондой эле жеке секторду өнүктүрүүгө жана калктын аялуу катмарын коргоого өзгөчө көңүл бурулган.

Эскерте кетсек, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров учурда иш сапары менен Америкада жүрөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы