КР менен Азербайжандын ортосунда алты меморандум жана үч келишимге кол коюлду

КР менен Азербайжандын ортосунда алты меморандум жана үч келишимге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өркүндөтүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев КР менен Азербайжандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга жана Мамлекеттер аралык кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Берилген маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда алты меморандум жана үч келишимге кол коюлду.

  1. КР Министрлер кабинети менен Азербайжандын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашуу
  2. КРнын Айыл чарба министрлиги менен Азербайжандын Айыл чарба министрлигинин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу
  3. КР Финансы министрлиги менен Азербайжандын Финансы министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум
  4. КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Азербайжандын Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрлигинин ортосунда Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандум
  5. КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжандын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандум
  6. КР Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги менен Азербайжандын Менчик Агенттигинин ортосундагы Интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум
  7. КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен Азербайжандын президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум
  8. КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен «Азербайжан Телекөрсөтүү жана Радиоуктуруу» ЖАКтын ортосундагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы