«Кумтөр» ишканасынан бөлүнгөн 60 млн доллар мыйзамсыз сарпталган

«Кумтөр» ишканасынан бөлүнгөн 60 млн доллар мыйзамсыз сарпталган

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында «КРнын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды. Анда «Кумтөр» ишканасынан 2020-жылы Ысык-Көлдүн экологиясын коргоого бөлүнгөн 60 млн доллардан ашык каражат мыйзамсыз сарпталганы айтылды.

Тагыраак айтканда, ал кездеги өкмөт бөлүнгөн каражатты башка максатта колдонгон. Эсеп палатасы «Кумтөр» бөлгөн 64 млн доллардын 60.1 млн доллары бюджетти колдоого жумшалып кеткенин билдирди.

Эсеп палатасынын аудитору Алимжан Байгазаковдун билдиргенине караганда, 2020-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы боюнча аудиттик текшерүүдө жетишпестиктер аныкталып, анын суммасы 43 млрд сомдун тегерегинде болгон.

Ал эми депутат Нурлан Шакиев 43 млрд сомдун канчасы калыбына келтирилгенин сурады.

«Текшерүү башталганда эле мыйзамдын өзү туура эмес экендигин жүйө келтирип, 19.7 млрд сомун текшерүүдөн баш тартканбыз. Анткени биз мыйзамдын аткарылышын текшеребиз. Калган мыйзам бузуунун ичинен 4 млрд 900 млн сому гана калыбына келтириле элек. Бул боюнча Башкы прокуратурага кат жөнөтүлгөн», – деди Байгазаков.

Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү аталган иштер боюнча толук маалымат бере алган жок. Жыйынтыгында депутаттардын сунушу менен мыйзам долбоору кайрадан комитеттин кароосуна жөнөтүлдү.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы