Мамлекет креативдүү экономиканы салык төлөөчү сектор эмес, КРнын брендин түзүүчү объект катары караш керек – Айнура Чекирова
Мамлекет креативдүү экономиканы салык төлөөчү сектор эмес, КРнын брендин түзүүчү объект катары караш керек. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Economist.kg басылмасы уюштурган «Креативдүү экономика – Кыргызстандын жаркын келечегине болгон үмүтүбү?» деп аталган тегерек столдо Креативдүү индустрия Альянсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айнура Чекирова билдирди.
Анын айтымында, мамлекет креативдүү экономиканы салык төлөгөн тармак катары гана көргүсү келип жатат. Бирок бул биринчи этапта адамдар акча таба ала турган сектор катары каралыш керек.
«Качан гана ал бутуна туруп, башка сектордогу атаандаштыкка туруштук берип баштаганда гана аны салык төлөөчү объект катары кароого болот», – деди ал.
Ошондой эле Чекирова мамлекет өзүнүн векторун түп тамырынан өзгөртүп, бул тармак калыптанып жатканда ага инкубациялык мезгил бериш керектигин жана ал качан «Шоро» сыяктуу чоң активдүү корпорацияга айланганда гана кийинки этапка өтүп, мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө болоорун айтты.
«Мен мамлекеттик органдарга бул тармакты биринчиден, салык төлөөчү катары гана эмес, өлкөнүн интеллектуалдык өнүгүүсүнүн потенциалы, ошондой эле экинчиден, Кыргызстандын брендин жаратуучу объект катары кароосун сунуштайт элем. Болгондо да бийик интеллектуалдык мамлекеттин брендин түзүүчү тармак катары, уникалдуу продукт жаратуучу, дүйнөгө таланттарды чыгаруучу тармак катары караш керек», – деди ал.