Минкаб дыйкандарга бөлүнгөн кредит өзгөчө көзөмөлдө экенин айтты – бирок аткаминерлердин компаниялары алганын четке каккан жок
Агроөнөр жай тармагын насыялоо үчүн бөлүнгөн 10 млрд сомду сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу маселеси Министрлер Кабинетинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин маалымат кызматы берди.
Эскерте кетсек, жакында эле депутат Эльвира Сурабалдиева дыйкандарга бөлүнгөн кредитти министрлер менен депутаттардын компаниялары алышканын айтып чыккан болчу. Бирок маалыматта Министрлер кабинети бул бөлүнгөн каражат өзгөчө көзөмөлдө экенин жана насыя тууралуу жалпы маалымат берип гана тим болду.
«Кластердик бирикмелердин негизги катышуучулары болуп фермерлер жана кайра иштетүүчү ишканалар (агрегаторлор) саналат, алардын ортосунда продукцияны жеткирүү боюнча келишимдер түзүлөт.
Натыйжада, фермерлер өз түшүмүн сатуу кепилдигине ээ болушат, ал эми агрегаторлор продукция өндүрүү үчүн зарыл сырьёлорду алышат. Агрегаторлорго насыя берүү аларга жүгүртүү каражаттарынын эсебинен фермерлерден ашыкча айыл чарба продуктуларын сатып алууга мүмкүндүк берет.
Бөлүнгөн каражаттын 55%ы ар бир кластердеги жеке ишкерлер жана жеке жактар, фермердик, үрөн, асыл тукум чарбалар жана мөмө-жемиш питомниктер үчүн каралгандыгын белгилей кетүү зарыл.Келечекте тийиштүү мамлекеттик органдар зарыл болгон айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү, аларды сатуу, кайра иштетүү жана негизги продукцияларды өндүрүү боюнча өз ара аракеттенүү тутумун түзүү, ошондой эле фермерлерди окутуу жана айыл чарба тармагына заманбап ыкмаларды киргизүү максатында айыл чарба кластерлери менен келишимдерди түзөт», – деп гана айтылат билдирүүдө.