Баткенге бөлүнгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктурага жана калкты тейлөөгө жумшалат

Баткенге бөлүнгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктурага жана калкты тейлөөгө жумшалат

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга Баткен облусун өнүктүрүү үчүн бөлгөн 50 млн доллардын жарымы муниципалдык инфраструктураны жана калкты тейлөөнү колдоого жумшалат. Бул тууралуу Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов билдирди.

Ал кечээ 20-апрелде Вашингтондо КР менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосунда Баткен облусунда «Экономикалык аймакты өнүктүрүүнүн экинчи долбоору» боюнча каржылык макулдашууга кол коюлганын эске салды. Долбоор 2022-жылдан 2027-жылга чейин ишке ашырылат.

Долбоор 5 компонентти ишке ашырууну карайт.

  • Биринчи компоненттин алкагында 24 млн долларга (бөлүнгөн каражаттардын дээрлик жарымы) муниципалдык инфраструктураны жана негизги мамлекеттик кызматтарды колдоо боюнча иш-чаралар каржыланат.
  • Экинчи компоненттин алкагында 21 млн доллар агроазык-түлүк кластерлерин бекемдөөгө бөлүнөт.
  • Үчүнчү компоненттин алкагында жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү үчүн 2 млн доллар өлчөмүндө чакан гранттар берилет.
  • Дүйнөлүк банк күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүүнүн төртүнчү компонентине каражаттарды кайра бөлүштүрүү мүмкүнчүлүгүн да караган.
  • Бешинчи компоненттин алкагында долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөтүү үчүн 3 млн доллар каралган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы