Садыр Жапаров Азербайжандын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров кечээ, 20-апрелде, Баку шаарында расмий сапарынын алкагында азербайжандык ири бизнестин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууга мунай өндүрүү, курулуш, туризм, энергетика, телекоммуникация, жогорку технологиялар, айыл чарба, тоо кендерин иштетүү, камсыздандыруу тармагындагы SOFAZ, SOCAR, AZERGOLD, AZVIRT, LU-MUN HOLDIN, NEQSOL HOLDING, AZERSUN HOLDING, PASHA HOLDING сыяктуу ири компаниялардын жетекчилери катышкан.
Жыйындын ачылышынан кийин катышуучуларга Кыргызстандагы инвестициялык климат тууралуу видеотасма тартууланды.
«Андан соң Жапаров сөз сүйлөп, экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, негизинен потенциалдуу инвесторлорду ата мекендик экономиканын түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырды», – деп айтылат билдирүүдө.
Азербайжандын экономика министри Микаил Жаббаров да сөз сүйлөп, эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин ийгиликтүү сүйлөшүүлөрүнөн кийин соода-экономикалык жүгүртүүнү жана инвестицияны көбөйтүүгө жагымдуу шарттар түзүлгөнүн белгиледи.
Жолугушуу «суроо-жооп» форматында уланып, Жапаров жана Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жетекчилери азербайжандык ишкерлердин суроолоруна кеңири жооп беришти.
Ошондой эле, Мамлекет башчысынын катышуусунда КРнын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин (AZPROMO) ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.