Жеңилдетилген кредитти ала албаган дыйкандар бийликке нааразы
Facebook социалдык түйүнүндө «Багбандар» деген баракчада дыйкандар айыл чарба тармагына бөлүнгөн жеңилдетилген кредитти ала албагандарын айтып, нааразы болушту.
Белгилей кетсек, аталган баракчада 32 миң мүчө дыйкандар жана багбандар бар. Алардын бир тобу «Айыл банк» жана «РСК» банктарынан жеңилдетилген кредиттерди ала албай кыйналышканын айтышат. Алардын айтымында, аталган банктар күрөө же көп документ сурашса, кээде каржылоо жок экенин айтышкан.



