100 миң сомдон ашык салык карызы барларга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлат

100 миң сомдон ашык салык карызы барларга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлат

100 миң сомдон ашык салык карызы барларга өлкөдөн чыгууга чектөө коюлат. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тартып, салык карызы бар деп таанылган салык төлөөчүлөргө карата бир катар чектөө чаралары колдонулууда.

Алсак, Салык кызматынын органдары салык төлөөчү тарабынан таанылган салык карызы 1000 эсептик көрсөткүчтөн (100 миң сом) ашкан жана салык карызынын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүү тапшырылган учурдан тартып, 15 жумушчу күндүн ичинде аткарылбаган жеке жактын же уюмдун жетекчисинин өлкөдөн чыгууга чектөө жөнүндө арыз менен сотко кайрылууга укуктуу.

Мындан тышкары, Сот департаментине 1128 салык төлөөчүгө карата материалдар чыгууга чектөө жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.

Ошондой эле МСК менен Сот департаментинин ортосунда аткаруу документтери менен иш алып баруудагы өз ара аракеттешүү тартиби жөнүндө макулдашуу түзүлгөн.

Бул Макулдашууга ылайык, салык органдарынын салык карызын өндүрүү боюнча материалдарынын негизинде сот аткаруучулар кызматынын бөлүмдөрү тарабынан мүлктү камакка алуу, чыгууга тыюу салуу, ошондой эле башка алдын алуу иш-аракеттери түрүндө чектөө чаралары көрүлөт.

  • Салык кызматынын расмий сайтында 100 миң сомдон ашык суммада таанылган салык карызы бар салык төлөөчүлөрдүн тизмеси ай сайын жарыяланат.

МСК 2022-жылдын 1-апрелине карата, салык карызы бар деп таанылган 535 салык төлөөчүнүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен МСК карызы бар салык төлөөчүлөрдү чектөө чараларын колдонуудан алдын алуу үчүн КРнын салык мыйзамдарынын белгиленген мөөнөттө салык милдеттенмелерин аткаруу боюнча ченемдерин сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы