Бул жылы жолдорду оңдоого 7.6 млрд сом каралды
Бул жылы жолдорду оңдоого 7.6 млрд сом каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» фракциясынын жыйынында Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев билдирди.
Кайынбаев министрликтин карамагында 18.9 миң км жалпы пайдалануудагы жолдор бар экенин, анын ичинен болгону 7 миң км асфальтталганын , жалпысынан алардын абалы канааттандырарлык эмес экенин айтты.
«Быйыл 590 км жолду оңдоо пландалууда, ага 7.6 млрд сом каралган», – деди ал.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Чолпон Султанбекова насыянын 25-30%ы жол тармагына кетип жатканын, ал эми иштин сапаты өтө төмөн экенин баса белгиледи.
«Курулуш аяктаган соң, бир жыл өтпөй эле көпчүлүк жолдор жарактан чыгып жатат. Жолдордун курулушунун жана реконструкциясынын сапатына көзөмөлдү күчөтүү, подрядчиктердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл», – деген депутат Баткен облусунун жол тармагын жакшыртууга 615 млн сом бөлүүгө кызыкты.
Депутат Нурбек Сыдыгалиев өлкөдө жолдорду реконструкциялоо жана куруу боюнча ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорго кызыкты. Ал эми Кайынбаев республикада жалпысынан 640 млн долларлык 15 инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатканын айтты.