ЦУМдагы ишкер субъекттер 3 миң доллардан ижара акысын төлөшөт, алар ККМ сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар – МСК
Бүгүн, 22-апрелде «Ишеним» фракциясынын жыйынында Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, ЦУМдагы ишкер субъекттер тууралуу сөз кылды.
Жыйында, Улугбек Ормонов Салык кызматы сатып ала турган 10 миң ККМ кандай критерийлер менен кайсы ишкерлерге бекер берилерине кызыкты.
«Мисалы, ЦУМдагы ишкерлер 30 чарчы метр жердин ар бир чарчысын 100 доллардан алышат, алар айына 3 миң доллардан ижара акысын төлөшөт. Ошондой ижара төлөгөндөр үчүн 200 долларга ККМ алуу кыйын деле болбосо керек», – деди Абдувапов.
Ошондой эле МСКнын төрагасы 220 млн сомго 10 миң ККМ сатып алууга тендер жарыяланганын жана апрель айынын аягына чейин алынып, ишкерлерге таратылат деген маалыматын айтты.