Эмне үчүн Улуттук банк менен акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу айырмаланып турат? – регулятордун жообу

Эмне үчүн Улуттук банк менен акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу айырмаланып турат? – регулятордун жообу

Улуттук банк өзү тарабынан жарыяланган чет элдик валюталардын расмий курсу менен банктарда жана акча алмаштыруучу жайлардагы валюта курстарынын ортосундагы айырмачылыктар боюнча түшүндүрмө берди.

Биринчиден, чет элдик валютанын расмий курстары банктар аралык рынокто жүргүзүлгөн валюта аукциондорунун негизинде эсепке алуу жана эсептешүү максатында Улуттук банк тарабынан аныкталат жана кийинки календардык күндөн тартып күчүнө кирет.

«АКШ долларынын рыноктук курсу калктын жана ар кандай бизнес-коомчулуктардын нак чет өлкө валютасына болгон учурдагы суроо-талаптын жана сунушунун негизинде белгиленет», – дейт жөнгө салуучу.

Экинчиден, КРнын мыйзамдарына ылайык, спот-алмашуу жана башка рыноктук алмашуу курстары сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда эркин аныкталат. Башкача айтканда, накталай акча рыногунда, ошондой эле банктар аралык валюта рыногунда курстар чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун негизинде белгиленет.

Үчүнчүдөн, расмий жана рыноктук курстун ортосундагы айырма дүйнөлүк практика болуп саналат жана эреже катары, эч кандай конкреттүү айырмачылыкка жол берүү түшүнүгү жок. Бул айырма рыноктун ликвиддүүлүгүнүн даражасына, чет элдик валютага суроо-талаптын жана сунуштун тең салмактуулугуна жараша болот жана белгилүү бир кезде өйдө да, ылдый да өзгөрүшү мүмкүн.

Кошумча маалымат

АКШ долларынын сомго карата расмий курсу банктар аралык валюта рыногунда бекитилген АКШ долларын сатып алуу-сатуу операцияларынын орточо алынган курсу катары эсептелет. Ал Улуттук банктын автоматташтырылган соода системасы аркылуу кечээки күнкү саат 15:00дөн тарты бүгүнкү саат 15:00гө чейин бекитилет жана кийинки календардык күндөн тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы