IT адистери башка өлкөгө кетсе деле, жумушун, компаниясын жоготушпайт – Дина Руслан

IT адистери башка өлкөгө кетсе деле, жумушун, компаниясын жоготушпайт – Дина Руслан

Economist.kg басылмасы уюштурган «Креативдүү экономика – Кыргызстандын жаркын келечегине болгон үмүтүбү?» деп аталган тегерек столдо Codify Lab компаниясынын негиздөөчүсү Дина Руслан аймактардагы жаштардын абалы жана алардын IT тармагындагы маалыматтарга ач экендиги тууралуу сөз кылды.

«Аймактардагы жаштар менен сүйлөшкөндө, алар чет өлкөгө барып курулуш тармагында же такси айдап эмгектенгенден, же визажист болуудан башка альтернативаларды көрүшпөгөнүн байкайм. Мен бул кесиптерге эч кандай деле каршылыгым жок, бирок алар сервис тармагында гана карьера жасоону туура деп көрүшөт», – дейт ал.

Анын айтымында, IT индустриясын жаштарга жөн эле көрсөтүп коюу жетишсиз.

«Жөн эле көрсөтүп койсок, бул жөн гана бири-бирибиздин убактыбызды алып, жакшына сүйлөшкөн болуп калабыз. Бул жерде негизги маанилүү учур, кантип акча тапса болот. Биринчиден, бул нерсени эмне менен жейт түшүндүрүү керек», – деген Дина Руслан эмне үчүн IT адистиги оңой жана ыңгайлуу экенин айтты. – Анткени алар чемоданын жыйнап алып эле башка өлкөлөргө кетип кала алышат. Ошол эле кезде компаниясын дагы, жумушун дагы жоготушпайт, аларды ноутбугу менен кошо ала кетишет», – дейт ал.

Ошондой эле ал кенен маалымат берген тегерек столдорду Нарын, Кара-Кол сыяктуу башка аймактарда да өткөрүш керектигин, аймактардагы жаштар шаардагыларга караганда жаңы маалыматтарга ачык жана бат кабыл ала алаарын да кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы