Кытайдан КРга электрондук чылымдарды аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды
УКМК Кытайдан КРга бажы төлөмү жана салык төлөмдөрү жок аткезчилик жол электрондык тамекилерди алып өткөн каналды аныкташты.
Опузалап талап кылуу фактысы боюнча чет элдик жарандан 50 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы менен мурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери болгон КРнын жараны И.М.Н. жана чет мамлекеттин жараны Э.Н.И. кармалды. Аталган адамдар КРга жана ЕАЭБге кирген мамлекеттерге сатуу максатында Кытайдан электрондук чылымдарды контрабандалык жол менен алып өтүүнү уюштурушканы аныкталган.
Ошол эле учурда «Жунхай» базарынан КР аймагына бажы алымдарын төлөбөстөн ташылып келинген, жалпы 200 миң доллардан ашык сумманы түзгөн 70 миң даанадан ашык электрондук чылымдардын партиясы табылган.
Азыркы учурда кылмыш ишинин алкагында көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын бул мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүрүп жатат.