«Менин үйүм 2021-2026» – турак жайдын чарчы метринин максималдуу баасы 70 миң сомго көтөрүлдү

«Менин үйүм 2021-2026» – турак жайдын чарчы метринин максималдуу баасы 70 миң сомго көтөрүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев мамлекеттик турак-жай саясатын ишке ашырууну мониторингдөө боюнча Координациялык кеңештин жыйынын өткөргөнүн минкабдын маалымат кызматы билдирди. 

Координациялык кеңештин жүрүшүндө ипотекалык насыянын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында сатылып алынган турак жайлардын параметрлерин өзгөртүү маселеси каралды.

АКШ долларынын курсунун туруксуздугуна байланыштуу «Менин үйүм 2021-2026» программасына бир катар өзгөртүүлөрдү киргизилди. Ага ылайык, турак жайдын 1 чарчы метринин максималдуу баасы 60 миң сомдун ордуна 70 миң сомго чейин көтөрүлдү.

Ошол эле учурда, 1 чарчы метр үчүн максималдуу баа боюнча чектөөлөр акыркы 10 жылдын ичинде пайдаланууга берилген турак жайларга жайылтылбайт. Ошондой эле, алынган турак жай иштеген жеринен 60 км алыс эмес, же иштеген жери боюнча областтын административдик-аймактык чегинде жайгашуусу тийиш.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы