«РСК Банкынын» төрагалары алмашты
Улуттук банк «РСК Банкы» ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы менен банктын башкармасынын төрагалыгына талапкерлерге макулдук берүү чечимин кабыл алды.
Ага ылайык:
- «РСК Банкы» ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы кызмат ордуна Эрмеев Джыргалбек Советбекович, ал эми банктын башкармасынын төрагасы кызмат ордуна Букуев Кадырбек Джумабекович дайындалды.
- Ошондой эле регулятор 21-апрелде «ФинансКредитБанк» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызмат ордуна Алымбаев Артык Токтоназаровичтин талапкерлигине макулдук берүү чечимин кабыл алды.