Улуттук банк банктарга чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатууга эч кандай чектөө койбогонун билдирди
Улуттук банк коммерциялык банктарга чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө эч кандай чектөөлөрдү койбогонун билдирди.
«Улуттук банк коммерциялык банктарга чет өлкө валютасын сатып алуу жана сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүгө эч кандай чектөөлөрдү койгон эмес», – деп айтылат билдирүүдө.
Бирок Economist.kg басылмасынын кабарчысы маалымдагандай, бүгүн Моссоветтеги «Демир Банктын» филиалында 500 доллардан ашыкка чектөө киргизилген. Саат 10:30дар чамасында банктын бул бөлүмүндө доллар түгөнүп, кызматкерлеринин айтымында, акча алмаштыруу иштери токтотулган.
Ошондой эле регулятор Улуттук банк өзү тарабынан жарыяланган чет элдик валюталардын расмий курсу менен банктарда жана акча алмаштыруучу жайлардагы валюта курстарынын ортосундагы айырмачылыктар боюнча да түшүндүрмө берди.