Өзбекстандан келген 2.3 млн турист, чындыгында кара жумушка келгендер – Примов
2021-жылы Өзбекстандан келген 2.3 млн турист, чындыгында өлкөнүн түштүк жергесине кара жумушка келгендер. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Улан Примов бүгүн, 22-апрелде «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.
Жыйында туристтик сезонду өткөрүүгө карата көрүлүп жаткан даярдыктар, ошондой эле өткөн жылдын жыйынтыктары боюнча маалымат берген Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы каралды. Жыйында Примов КРга келген өзбек туристтеринин саны реалдуулуктан алыс экенин айтты.
«Өзбекстандан келген 2.3 млн туристтин көбү түштүк жергесине келген кара жумушчулар деп ишенем. Аны ачык айтыш керек, башка көрсөткүчтөр реалдуу», – деди ал.
Ошондой эле Примовдун айтымында, туризм тармагында жарытаарлык өнүгүү болбой келет жана учурда туризм департаментине бөлүнгөн 40 млн сом эч нерсеге жетпейт.
«Андыктан аны Маданият министрлигинен өзүнчө бөлүп чыгарып, килтейген бир өзүнчө агенттик түзүш керек жана ага миллион эмес, миллиарддаган тиешелүү акча каражатын бөлүп берүүнү мен сунуш кылат элем», – деди Примов.
Эскерте кетсек, жакында эле «КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүлгөн. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи. Ошондой эле аны жеке Ak-Sai Travel компаниясы жетектейт.