Адилет Малдыбаев «Манас» аэропортунун жетекчисинин жаңы орун басары болуп дайындалды
Директорлор кеңеши «Манас» эл аралык аэропорту» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын орун басарын алмаштырды. Тиешелүү чечим 30-мартта кабыл алынганын Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) билдирди.
Башкармалыктын мүчөсү Рысбек Оморовдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Белгилей кетсек, ал бул кызматта 2021-жылдын апрелинен бери иштеп жаткан.
Адилет Малдыбаев директорлор кеңешинин жаңы мүчөсү жана башкы директордун экономика, каржы жана социалдык өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал узак убакыт Бишкек мэриясынын борбордук аппаратынын экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.