Бийлик кирешесиз мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү көздөөдө

Бийлик кирешесиз мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүнү көздөөдө

Министрлер Кабинети мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун менеджментинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдиргенин кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Төрөбаев билдиргендей, өзгөчө көңүл чыгашалуу ишканаларды менчиктештирүү мүмкүнчүлүгү менен иштөө форматын кайра карап чыгууга бурулат. Ошондой эле мамлекеттик ишканаларды таза пайдадан 50% чегерүүлөрдү төлөөдөн бошотуу жөнүндө чечимдин долбоорун киргизүүсү тапшырылды.

«Мамлекетке олуттуу киреше алып келбеген ишканаларда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору ишке киргизилет. Бардык мамлекеттик ишканаларга KPI системасын киргизүүнү эске алуу менен өнүгүү планын, кирешени көбөйтүү жана ишти өркүндөтүү боюнча бизнес-пландарды даярдоо тапшырылды», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы