Кореялык авиакомпания Инчхон – Бишкек түз аба каттамын ачат

Кореялык авиакомпания Инчхон – Бишкек түз аба каттамын ачат

Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын T’Way авиакомпаниясынын президенти Енг Хонг Ген жетектеген делегация менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар Инчхон – Бишкек түз аба каттамын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Исмаилова түз аба каттамдын ачылышына эки өлкөнүн жарандары кызыкдар экенин жана бул маселе бардык деңгээлде көтөрүлүп жатканын белгиледи.

Өз кезегинде авиакомпаниянын президенти Енг Хонг Ген компания 2020-жылдын февраль айында эле Инчхон – Бишкек багыты боюнча түз авиакаттамдарды ишке ашырууга уруксат алганын, бирок пандемияда көптөгөн өлкөлөрдүн чек аралары жабылганына байланыштуу Кыргызстанга да туруктуу каттамдар кийинкиге жылдырылганын белгиледи.

Ишкана жетекчиси учурда 29 учактын ичинен 7 гана учак ар кайсы багытта кызмат өтөөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле 2022-жылдын сентябрь айында узак аралыкка уча турган жаңы учактарды алуу пландалып жатканын, алар авиациялык коопсуздук боюнча сыноодон өтүшү керектигин айтты. Ошондой эле ал Кыргызстанга 2023-жылдан тартып туруктуу аба каттамдарын баштоону пландап жатышканын айтты.

T’Way компаниясынын президенти авиакомпания туруктуу каттамдарга чейин чартердик каттамдарды уюштурууга кызыкдар экенин жана жакынкы чартердик рейс 2022-жылдын 28-апрелине пландаштырылып жатканын билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Британиялык Iglu Cruise компаниясы дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаарлардын рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Норвегиянын Осло шаары жайгашканын АЗЕРТАЖ жазды. Аталган шаар абасынын тазалыгы жана тургундардын 95%ы жашыл аймактарга жакын жашаганы үчүн биринчи болду. Литванын борбору Вильнюс шаары экинчи орунду ээледи. Шаардын 61%ын жашыл аймактар түзөт. Ошондой эле

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын формалык кийимдерин сатып алуу боюнча тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 10 млн 335 миң сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен 6,4 млн сом куртка жана шым (жалпы 1 950 даана) сатып алууга, ал эми 3,9 млн