Финансы министрлиги Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом берет

Финансы министрлиги Киров суу сактагычындагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна 2 млрд сом берет

«Чакан ГЭС» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) Талас районундагы Киров суу сактагычында жаңы чакан «Бала-Саруу» ГЭСинин курулушун баштоо үчүн алгачкы 2 млрд сомду Финансы министрлигинен алат.

19-апрелде өткөн «Чакан ГЭСинин» акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында «Бала-Саруу ГЭС» чакан гидроэлектр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигинен 2 млрд сом өлчөмүндө кредит алуу боюнча макулдашуу жактырылды.

Акционерлер ошондой эле «Чакан ГЭСинин» башкы директоруна Финансы министрлиги менен кредиттик келишим түзүүгө ыйгарым укук беришти.

Белгилей кетсек, Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду да (ОКӨФ) «Бала-Саруу» ГЭСин курууга 22.9 млн доллар берет.

Эске салсак, өткөн жылдын 29-августунда президент Садыр Жапаров Талас облусуна жумушчу сапарынын алкагында Киров суу сактагычында «Бала-Саруу» жаңы чакан гидроэлектр станциясын курууга капсула салган.  

Жаңы гидроэлектр станциясынын курулушун Энергетика министрлигинин жана «Улуттук холдинг компаниясы» ААКнын көмөгү менен «Чакан ГЭС» ААК иш жүзүнө ашырмакчы. Долбоорду 2022-жылдын декабрь айында жыйынтыктоо пландаштырылууда. 

  • «Бала-Саруу» ГЭСинин курулуш долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватты түзөт, үч генераторлуу, орточо 92 млн кВт/с өлчөмүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарууга жөндөмдүү болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Британиялык Iglu Cruise компаниясы дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаарлардын рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Норвегиянын Осло шаары жайгашканын АЗЕРТАЖ жазды. Аталган шаар абасынын тазалыгы жана тургундардын 95%ы жашыл аймактарга жакын жашаганы үчүн биринчи болду. Литванын борбору Вильнюс шаары экинчи орунду ээледи. Шаардын 61%ын жашыл аймактар түзөт. Ошондой эле

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын формалык кийимдерин сатып алуу боюнча тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 10 млн 335 миң сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен 6,4 млн сом куртка жана шым (жалпы 1 950 даана) сатып алууга, ал эми 3,9 млн