Улуттук банк комбанктарды 14% менен насыялоону улантат

Улуттук банк комбанктарды 14% менен насыялоону улантат

Улуттук банк кечээ, 25-апрелде эсептик чен өлчөмүн (негизги ченди) 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим бүгүн, 26-апрелден тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдирди.  

Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты КРда инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган.

Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада орун алган тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат.  

Улуттук банк Башкармасынын эсептик чен өлчөмү боюнча кийинки отуруму планга ылайык 2022-жылдын 30-майында өтөт

Эске салсак, Улуттук банк акыркы жолу эсептик ченди 10-мартта өзгөртүп, 10%дан 14%га көтөргөн болчу.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Осло шаары дүйнөнүн эң таза шаарларынын бири болду

Британиялык Iglu Cruise компаниясы дүйнөдөгү эң экологиялык таза шаарлардын рейтингин жарыялады. Тизменин сап башына Норвегиянын Осло шаары жайгашканын АЗЕРТАЖ жазды. Аталган шаар абасынын тазалыгы жана тургундардын 95%ы жашыл аймактарга жакын жашаганы үчүн биринчи болду. Литванын борбору Вильнюс шаары экинчи орунду ээледи. Шаардын 61%ын жашыл аймактар түзөт. Ошондой эле

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын формалык кийимдерин сатып алуу боюнча тендер жарыяланды. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 10 млн 335 миң сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен 6,4 млн сом куртка жана шым (жалпы 1 950 даана) сатып алууга, ал эми 3,9 млн