13-14-май күндөрү Чолпон-Атада туристтик сезонго карата жарманке өтөт
13-14-май күндөрү Чолпон-Атада туристтик сезонго карата эл аралык көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жарманке 13-14-май күндөрү Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» борборунда өтөт. Ага 200дөй компания катышат жана облустардан келген кол өнөрчүлөрдүн эмгеги коюлат.
Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты 13-майда саат 18.00дө өлкө жетекчилигинин катышуусунда болот. Ошондой эле иш-чаранын ачылыш аземи оюн-зоок программалары менен коштолмокчу.