Бул жылы 1.5 млн тонна көмүр казып алуу пландалууда
Бул жылы 1.5 млн тонна көмүр казып алуу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасында билдирди.
Анда президент 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө – 554 миң тонна, ал эми 2021-жылы 1 млн 225 миң тонна көмүр казып алынганын белгиледи.
«Алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 млн 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык. Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен», – деди ал.