Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду ишкерлерди каржылоого даяр. Шарттары
Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фонду инвестициялык долбоорлорду каржылоого арыздарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун төрагасы Темирбек Эркинов билдирди.
Эркинов инвестициялык долбоорлорду каржылоонун пайыздык чени 1.5%дан 7.25%га чейин экенин белгиледи. Төмөн пайыздык чен төрт критерий менен каралат:
- Кыргызстандын экономикасына салым кошуу
- Венгрия тарап менен кызматташуу (товар, жабдык алуу)
- долбоордун узактыгы жана маанилүүлүгү
- күрөө.
Каржылоонун мөөнөтү 10 жыл жана насыянын максималдуу өлчөмү 5 млн доллардан (бир насыя алуучуга) ашпоого тийиш. Учурда уставдык капиталдын өлчөмү 16 млн долларды түзөт.
«Аны алдыда 50 млн долларга жеткирүүнү пландап жатабыз. Насыяларды берүүдө кичи ГЭС, айыл чарба тармагына: асыл тукум мал, бал жана балык тармагына артыкчылык берилет», – деди ал.
Ошондой эле фонддун төрагасы арыз берүүчүлөрдүн туруктуу финансылык абалга ээ болуусу, ишкердик репутациясы, канааттандырарлык насыялык тарыхка ээ болуусу, салык, соцкамсыздоо жана башка төлөмдөр боюнча карызынын жоктугу сыяктуу абалдарына көңүл бурулаарын кошумчалады.
- Венгриядан алган жабдуулар же кызмат көрсөтүүлөр долбоордун минималдуу үлүшү 30%дан кем болбошу керек
- Инвестициялык долбоордун ээсинин баштапкы төлөмү жалпы сумманын 15%дан кем эмес, ал эми долбоорду каржылоодо 30%дан кем эмес өлчөмдө болуусу зарыл.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров «2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган КРнын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.
Фонд өз ишин 2021-жылдын 5-ноябрь айынан баштаган. Фонддун Кеңешине кыргыз тараптан 3 өкүл жана венгер тараптан 2 өкүл кирет. Анын уставдык капиталы 16 млн долларды түзөт жана Венгрия бул уставдык капиталды 50 млн долларга чейин көбөйтүү ниетинде.