Салык кызматы январь-апрель айларында пландан 1.2 млрд сомго ашык салык чогултту
2022-жылдын январь-апрель айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 48 млрд 75.1 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Бекитилген план 102.7 %га аткарылган же 1 млрд 244.8 млн сомго ашык чогултулган.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 18 млрд 293.5 млн сомго көп жыйналды же өсүү ыргагы 161.4%ды түздү.