1-июлдан тартып Ысык-Көлдүн жашоочуларына пляж аймактарына кирүү укугу берилет

1-июлдан тартып Ысык-Көлдүн жашоочуларына пляж аймактарына кирүү укугу берилет

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык аймагында жайгашкан көптөгөн курорттук-рекреациялык объекттер (санаторийлер, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, коттедждик конуштар) ар кандай тосмолорду орнотуу аркылуу калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүүсүн чектеп жатат.

Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-июлунан тартып,
жогоруда аталган жарандардын тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына тоскоолдуксуз кирүүсү камсыз кылынат.

Мындан тышкары, жарлыкта төмөндөгүлөр каралган:

  • Ысык-Көлдүн пляж аймактарында жайгашкан, ачылуучу калиткалары жок жана жарандардын эркин кирүүсүнө тоскоолдук кылган тосмолор (дубалдар, темир торлор, металл зымторлор) демонтаждалсын, ошондой эле аларды мындан ары орнотууга тыюу салынсын
  • менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын жетекчилери пляж аймактарын биодааратканалар менен жабдууга милдеттендирилсин
  • тиешелүү калктуу конуштун чегинде, анын ичинде менчигинин түрүнө карабастан санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн, коттеждик конуштардын аймагында жайгашкан пляж аймактарына жергиликтүү калктын кирүүсүнө чектөө коюу фактыларына бөгөт коюу жана болтурбоо боюнча комплекстүү чаралар көрүлсүн
  • курорттук-рекреациялык объекттердин аймагында коомдук тартипти сактоонун зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштери системалуу түрдө жүргүзүлүп турсун.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда колдонулган автоунаа катализаторлорун, ошондой эле алардын курамындагы асыл металлдар камтылган күл жана калдыктарды өлкөдөн чыгарууга алты айлык убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле автоунаалардын түтүнү аркылуу атмосферанын булганышын азайтууга багытталган. Бийлик өкүлдөрү бул чектөө

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев көчөсүнө

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр