Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун кээ бир бөлүгү убактылуу жабылат
«Кыргыз темир жолу» УК МИ 16-майдан 20-майга чейин Бишкек –Нарын – Торугарт жолунун 129-чакырымында коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) жүргүзүлөрүн маалымдады.
Жумуштар ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин, күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.
Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.
Иш-чаралар таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.