«Чакан ГЭС» ААК 5.2 млн сом таза кирешесинен 25% мамлекетке төлөйт
«Чакан ГЭС» ААК (мамлекеттик үлүшү 100%) 2021-жылы 5.2 млн сом таза киреше алды. Мындай маалымат компаниянын финансылык отчетунда айтылды.
Былтыркы жылдын кирешеси акционерлердин 29-апрелдеги чечими менен экиге бөлүнөт.
Кирешенин 75%ы (3.9 млн сом) ишкананын өзүн өнүктүрүүгө калат. Калган 25% (1.3 млн сом) акционерлерге дивиденддерди төлөөгө жумшалат, анын негизги бөлүгүн мамлекет түзөт.
Чакан ГЭСинин финансылык отчетуна ылайык, дивиденддерди төлөө күнү үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна белгиленген.