Транспорт министрлиги 138 млн сомду мыйзамсыз жок кылган – негизсиз маяналар берилген

Транспорт министрлиги 138 млн сомду мыйзамсыз жок кылган – негизсиз маяналар берилген

Эсептөө палатасынын кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Транспорт жана жол министрлигинде натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудитте Транспорт министрлиги жалпы суммасы 138.2 млн сомду мыйзамсыз иштеткени аныкталган.

  • Эмгек акылардын негизсиз төлөнүшү 8 млн 468.1 миң сомду түзгөн
  • 2020-жылы жумушчу орундарга аттестациялоону жүргүзбөстөн, жол пайдаланачу ишканалардын кызматкерлерине кызматтык айлыкка 25-59% өлчөмүндө 2.7 млн сом суммасында кошумча төлөмдөр берилген
  • тамак-ашка, коммуналдык чыгымдарга, жол киреге жана башка төлөмдөргө бардыгы болуп, 2.5 млн сом чыгымдалган
  • Курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу 2.1 млн сомго аныкталган. Натыйжада, иштер аткарылган эмес.

Эсеп боюнча дебитордук жана ашырылган кредиттик карыздарды жашыруу – 4.1 млн сом.

Эсептөө палатасы долбоорлордогу чыгымдар боюнча тиешелүү материалдарды КРнын Башкы прокуратурасына жиберди.

«Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолду куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда, техникалык көзөмөлдөөнүн кызматкерлерин тейлөөгө арналган транспорттук унаалар Кыргыздортрансдолбоорунун жетекчилиги тарабынан колдонулган», – деп билдиришти Эсеп палатасынан.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда колдонулган автоунаа катализаторлорун, ошондой эле алардын курамындагы асыл металлдар камтылган күл жана калдыктарды өлкөдөн чыгарууга алты айлык убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле автоунаалардын түтүнү аркылуу атмосферанын булганышын азайтууга багытталган. Бийлик өкүлдөрү бул чектөө

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев көчөсүнө

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр