Бул жылы Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүүдө – чек ара бекеттеринде аларга өзүнчө жашыл коридор уюштуруу зарыл

Бул жылы Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүүдө – чек ара бекеттеринде аларга өзүнчө жашыл коридор уюштуруу зарыл

Бул жылы Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында КРнын туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.  

Жыйында өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар, туризм жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу багытында тиешелүү органдардын аткарып жаткан иштери талкууланды.

Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи.  

«Чет элдик туристтерге электрондук виза берүү мөөнөтү 2.5 күнгө кыскарды, эми 1 күндүн ичинде ала турганга шарт түзүш керек. Кооз жасалгаланган боз үйлөрдү көлгө бараткан жолдорго жайгаштырууну тапшырам. Эң көп турист Казакстан менен болгон чек ара аркылуу киргендигин эске алып, чек ара өткөрүү пунктарында туристтер үчүн өзүнчө жашыл коридор уюштурушубуз зарыл», – деди Жапаров.

Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү планын айтып берди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда автоунаа катализаторлорун сыртка чыгарууга тыюу салынды

Кыргызстанда колдонулган автоунаа катализаторлорун, ошондой эле алардын курамындагы асыл металлдар камтылган күл жана калдыктарды өлкөдөн чыгарууга алты айлык убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Чечим жарандардын өмүрүн жана ден соолугун коргоого, ошондой эле автоунаалардын түтүнү аркылуу атмосферанын булганышын азайтууга багытталган. Бийлик өкүлдөрү бул чектөө

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

"Акылдуу светофорлор" Бишкектин бардык аймагына коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы пилоттук долбоордун алкагында 21 кесилишке "акылдуу светофорлорду" орнотконун Жол кеңешинин жыйынтыгында Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, "акылдуу светофорлор" Токомбаев көчөсүнүн Нуркамал көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, ошондой эле Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүнүн Күрөңкеев көчөсүнө

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салынды

Министрлер Кабинети Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынын чегинен тышкары минералдык жер семирткичтерди (бажы транзитинин жол-жобосу жана гуманитардык жардамдан тышкары) алты айлык мөөнөткө экспорттоого убактылуу тыюу салды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Тыюу мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон, сапатына байланыштуу талаптарга туура келбеген минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Лебединовка–ГЭС-5 жолундагы көпүрө кеңейтилүүдө: кыймыл убактылуу чектелди

Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолуна баруучу Лебединовка-ГЭС-5 автожолундагы кɵпүрɵнү кеңейтүү иштери кызуу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Учурда кɵпүрɵнүн эки тарабындагы эски темир тосмолорду алуу жана эски асфальтты сүрүп тазалоо иштери жүрүүдɵ. Мындан тышкары, аталган жолдун Жибек-Жолуна (0-360 метрде) чейинки тилкесинде жер жумуштары уланып, электр