Италиядагы кыргызстандык мигранттар которулган акча евро менен эмес, доллар менен берилип жатканына нааразы
Италиядагы кыргыз атуулдары бийликке талап коюп, кайрылуу жолдошту. Алар которулган акча евро менен эмес доллар менен берилип жатканына нааразы болушууда. Мындай кайрылууну Бишкек Ишкердүүлүк Клубу өзүнүн Facebook баракчасында жарыялады.
Кайрылууда Италиядагы кыргызстандыктар евро менен которгон акчаларын КРда ала албай жатышканын, эмне үчүн еврону банктар доллар менен жөнөтүүнү талап кылып жатышканын айтып, нааразы болушкан.
«Еврозонадан евро которуу жана аны КР дан алуу системасын тез аранын ичинде тууралап, чечип бергиле! Талап кылабыз! Банктар, биз үйгө акча сала албай, салсак, ал жактан жакындарыбыз ала албай убара болуп, өтө көп чыгым болуп жатабыз! Биз бул жактан евро менен айлык алабыз! Эмне үчүн долларга алмаштырып туруп анан жибергиле деп, анан доллардын курсун өтө төмөн кылып туруп берип жатасыңар? Долларыңарды бизге чаптабагыла!
Европа боюнча Италиядан эң көп акча которуулар барат, он миңге жакын мекендештерибиз маңдай тери менен иштеп тапкан евронун ар бирин эсептеп, үйгө салганга аракет кылып жүрсөк, бизге туш тараптан тоскоолдуктар жаралып жатат. Беш мүнөттө жетчү акчаны эки жумалап ар кайсы банктын эшигин сагалап, үйдөгүлөр ала албай жүрүшөт.
Үйдө төлөнчү кредиттер, ипотекалар бар, бала-бакыра, ата-энелерибиз ачка олтурушат! Банктарда кезек күтүүлөр да чегинен чыгып жатыптыр. Бул жакта акча жөнөткөн системалар дагы комиссия төлөмүн күндөн күнгө кымбаттатып, жон терибизди ого бетер сыйыра башташты. Тезинен бул көйгөйлөрдү чечип бергиле, банктар жана бийликтегилер. ИТАЛИЯ. КЫРГЫЗ АТУУЛДАРЫ», – деп айтылат кайрылууда.
Эскерте кетсек, 18-апрелде бекитилген Улуттук банктын токтомуна ылайык, чет өлкөдөн которулган акча жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында (Россия — рубль, Казакстан — теңге) же сом менен гана берилип жаткан. Өзгөртүүлөрдү киргизүүнү Улуттук банк акыркы мезгилде Россия жана Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар которуу валютасында берүүнү суранып жаткандыгы менен түшүндүргөн болчу.