«Омор Хайям эмес», Season Terace, «Таймс» жайларына айып пул салынды – рейд уланууда
Биринчи май районунда коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган мыйзамды жарандар тарабынан сакталышы боюнча рейддер уланып жатканын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.
«КРнын жарандарына тамеки тартуунун, никотиндин жана тамекинин түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринин кесепеттеринен жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө» мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Биринчи май районунун аймагында жайгашкан оюн-зоок жайларында – түнкү барларда, кальян, оюн/интернет клубдарда, сауналарда, бильярд залдарында рейддик иш-чаралар өткөрүлүүдө.
«9 мекеме текшерилип, бул жолу «Омор Хайям эмес» чайканасында, Season Terace ресто-барында жана «Таймс» барында мыйзам бузуулар аныкталып, бардык фактылардын негизинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө тарабынан 1-беренеге ылайык, 13 миң сом айып салуу боюнча протокол түзүлдү», – деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, тамеки чегүүгө каршы жеринде кыдырууну акимчиликтин, МАБдын, ИИМдин, ошондой эле Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жүргүзүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн жылдын сентябрь айынан тартып, Кыргызстанда коомдук жайларда тамеки, анын ичинде электрондук тамекилерди, кальяндарды жана аралашмаларды чегүүгө тыюу салган мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгон.