Туризмди колдоо фондунун капиталын 5 млрд сомго жеткирүү пландалууда
Туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Ата шаарында КРнын туризм өнүктүрүү боюнча улуттук кеңешинин 1-жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Акылбек Жапаров быйыл Кыргызстанга туристтер көп келери күтүлүп жатканын айтып, колдо бар мүмкүнчүлүктүн баарын колдонуу керектигин баса белгиледи.
«Мамлекет эс алуу жайлары жана пансионаттарга баруучу жолдорду жакшыртууга бел байлап, туристтик аймактардагы жергиликтүү бийликтин карамагындагы унаа жолдор транспорт министрлигинин карамагына өткөрүлөт. Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүү фондуна жыл сайын 1 млрд сомдон каражат бөлүнүп, анын капиталын 5 млрд сомго жеткирүү планын айтып берди», – деп айтылат минкабдын маалымат кызматынын билдирүүсүндө.
«КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана фонд ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи. Ошондой эле аталган фонддун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси Елена Калашникова дайындалган.