УИА Жерүй кенинин айланасындагы дарыяларга изилдөө жүргүзүп, аларды балык өстүрүүгө жарактуу деп тапты
КРнын Улуттук илимдер академиясынын Биология институту Туз-Ашу (Талас дарыясынын бассейни) дарыясынын жана анын эки куймасы ― Чоң-Чычкан менен Жерүй сууларынын гидробиологиялык жана гидрохимиялык изилдөөсүнүн жыйынтыгын чыгарды.
Изилдөөлөр ихтиология жана гидробиология лабораториясынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Анда дарыялардын суулары текшерүүгө алынып, жыйынтыгында, аталган жерлерде кылкандуу балыктар түркүмү жана башка дагы гидробионттор жашай ала тургандыгы аныкталган.
Суунун кандайдыр бир жолдор менен булгануусу катталган эмес.
Изилдөө көрсөткөндөй, Жерүй кенинин айланасындагы дарыялардын бардыгы балык өстүрүүгө жарактуу деп табылган. Ошондой эле андагы кен казуу иштери КРнын жаратылышты коргоо мыйзамына шайкеш жүргүзүлүп, эл аралык стандарттарга жооп берет.
Эскерте кетсек, буга чейин Жерүй кенин иштеткен «Альянс Алтын» ЖЧК Ысык-Көлдүн форель чабактарын сатып алып, аларды Талас районунун атайын балыктар үчүн азык менен камсыздалган дарыяларында кое берүүгө каржылык жардам көрсөтөөрүн билдирген болчу.
2022-жылдын апрель айына карата аталган компания Талас районунун жергиликтүү бюджетине инфраструктураны өнүктүрүү жана кармоого 313 млн 454 миң сом бөлгөн.



