Улуттук банк которулган акча жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом менен гана берилерин эскертет
18-апрелде бекитилген Улуттук банктын токтомуна ылайык, чет өлкөдөн которулган акча жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында (Россия — рубль, Казакстан — теңге) же сом менен гана берилет. Бул тууралуу Улуттук банк бүгүн, 16-майда кайрадан эскертти.
Белгилей кетсек, эсеп ачпастан акча которуу системалары аркылуу акча которууларды жеке адамдар гана жүргүзө алышат.
«Эми КРнын аймагында эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууну алуучуга берүү, жөнөтүүчү өлкөнүн валютасында же сом улуттук валютасында гана болушу мүмкүн. Мисалы, эгерде Россиядан акча которулган болсо, ал алуучуга орус рублинде гана берилиши керек, эгерде Казакстандан казак теңгесинде гана, ал эми башка өлкөдөн болсо – анда коммерциялык банктын алмашуу курсу боюнча улуттук валютада берилетю
Эгерде которулган валюта КРнын аймагында кеңири колдонулбаган болсо, банк Улуттук банктын эсептик курсун колдоно алат. Бул учурда кардарга валюта курсу тууралуу алдын ала маалымат берилиши керек», – дейт регулятор.
Ал эми акча которууну конвертациялоонун эрежелери өзгөрүүсүз калтырылды. Коммерциялык банк алуучунун макулдугу менен акча которууну улуттук валютадагы сомго гана конвертациялай алат.
Кардар КРнын коммерциялык банкына акча которууну анын банктык эсебине же электрондук капчыгына чегерүү боюнча буйрутма бере алат. КРнын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, эсепти өз курсу боюнча валютага конвертациялайт же аны кардардын улуттук валютадагы электрондук капчыгына которот. Буга кошумча, эсеп валютасына алмашуу курсу жөнүндө кардар алдын ала кабардар болушу керек.
Эмне үчүн өзгөртүүлөр киргизилди?
Өзгөртүүлөрдү киргизүү акыркы мезгилде Россия жана Казакстандан АКШ долларында келип түшкөн акча которуулардын көлөмү кескин көбөйүп, кардарлар которуу валютасында, б.а. которууну нак АКШ доллары менен берүүнү суранып жаткандыгы менен шартталган.
Эгерде жөнөтүүчү КРнын коммерциялык банкында ачылган долларлык эсебине Россиядан рубль менен акча которууну жүргүзсө, анда КРнын коммерциялык банкы ички жол-жоболорго ылайык, өзүнүн курсу боюнча акчаны АКШ долларына которот. Бул өзгөртүүлөр убактылуу болуп саналат жана накталай АКШ долларынын КРнын чегинен тышкары агылып чыгышына терс таасирин минималдаштырууга багытталат.